Эске салабыз: Ноябрда кыргызстандыктарды узак дем алыш күндөр күтүп жатат
Ноябрда кыргызстандыктар беш күн катары менен эс алышат.
7 жана 8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү быйыл шейшемби жана шаршембиге туура келет. Буга чейин Министрлер кабинети 6-ноябрды (дүйшөмбү) 11-ноябрга (ишембиге) жылдырууну бекиткен.
Ошентип кыргызстандыктар 4-8-ноябрга чейин эс алып, 11-ноябрда иштешет.