Abank
SerepTV Logo

Эртеңкиге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртеңкиге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 28-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +17…+22, Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…+9, күндүз +15…+20, Нарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +16…+21, Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +20…+22 градус болот.