Эртеңден баштап мектептерде окуу башталат
Эртең, 16-январдан тарта өлкөдөгү мектептерде окуу башталат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Билим берүү министрлигинен билдиришти.
"Каникул узартылсын деген буйрук жок. Эртең окуучулар кадимкидей эле мектепке бара беришет", - дешти.
Буга чейин кышкы каникул суукка байланыштуу 16-январга чейин узартылган.