Abank
SerepTV Logo

Эртеңден баштап Бишкекте ысык суу бир айга өчүрүлөт

Эртеңден баштап Бишкекте ысык суу бир айга өчүрүлөт
22-майдан тарта борбордо ысык суу бир айга өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, сууну өчүрүү боюнча тиешелүү буйрукка шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койгон. «Жылуулук тармактарын жана жылуулук керектөө системаларын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоо максатында жыл сайын профилактикалык иштерди жүргүзүү үчүн өчүрүүлөр жүргүзүлөт», — деп белгилешти муниципалитет.