Abank
SerepTV Logo

Эртең Орозо Айт намазына байланыштуу бир катар көчөлөр жабылат

Эртең Орозо Айт намазына байланыштуу бир катар көчөлөр жабылат
Бишкекте эртең, 21-апрелде Орозо Айт намазына байланыштуу бир катар көчөлөр таңкы саат 05:00дөн 09:00гө чейин жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты. Унаа кыймылы чектеле турган көчөлөр: — Панфилов көчөсү – Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин; — Фрунзе көчөсү –Тыныстановдон Панфилов көчөсүнө чейин; — Тыныстанов көчөсү – Фрунзеден Чүй проспектисине чейин; — Чүй проспектиси – Тыныстановдон Панфилов көчөсүнө чейин.