Abank
SerepTV Logo

Эртең, бүрсүгүнү Чүй жана Таласта үшүк жүрүшү мүмкүн

Эртең, бүрсүгүнү Чүй жана Таласта үшүк жүрүшү мүмкүн
Эртең, бүрсүгүнү 20-21-март күндөрү түнү жана эртең менен Чүй, Талас облустарында үшүк жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, жогорудагы дубандардын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы ...0...-2 градус болот деп болжолдонууда.
"Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет", — деп жазылат маалыматта.