Royal
SerepTV Logo

Эртең Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу жок болот

Эртең Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу жок болот
Эртең, 12-мартта үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы өнөр-жай объекттеринде ичүүчү суу саат 9:00дөн 18:00 гө чейин берүү токтотулат. Бул тууралуу мэридан билдиришти. Өчүрүү району: Анкара көчөсү – Горький көчөсү, Аламедин суусу, темир жол менен чектешкен тилкемеде жана Октябрь көчөсүндө. Ичүүчү сууну өчүрүү «ХБО» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.