Abank
SerepTV Logo

Эртең, 27-августка карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 27-августка карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 27-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +26…+31, Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +23…+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32, Нарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22, Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +29…+31 градус болот.