Royal
SerepTV Logo

Эртең, 12-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 12-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 12-декабрга караган түнү көпчүлүк аймакта мезгил-мезгили менен кар жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17, күндүз -10…-15, Талас облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -10…-15, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…-5, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…-7, Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…-8. Бишкек шаарында маал-маалы менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14, күндүз -11…-13 градус болот.