"Энесинин бир буту Бишкекте, бир буту Таласта болуп жатат". Каза болду делип, бирок табылбай жаткан аскер боюнча маалымат берилери айтылды
Депутат Марат Мураталиев каза болду делип, бирок табылбай жаткан Дастан Анарбеков тууралуу парламентте бүгүн да кеп козгоду.
"Мен 3-жолу айтып жатам. Дастан Анарбеков Баткендеги окуядан бери жок болуп жатат. Ушул боюнча бир органдарга айтасызбы? Энесинин бир буту Бишкекте, бир буту Таласта болуп жатат. Биз бир айылданбыз. Күнүгө чалып, кабатыр болууда. Бүгүн апасы келет УКМК башчысы же президентке жолуктургула да",- деди ал.
Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов маалымат 2 сааттан кийин берилерин айтты.
- Талас облусунун кулуну, Баткенде кызмат өтөп жүргөн Дастан Анарбеков учурда дайынсыз болууда. «15-сентябрь күнү кечинде Дастанды каза болду, сөөгүн алып кеткиле деп бизге кабарлашкан. Бирок сөөк башка баланыкы экен. Ошондон бери тирүү же өлүгүн биле албай жүрөгүбүз ордунда эмес. Инимди тиешелүү органдар издеп жатабыз деп жатышат, бирок азырга чейин маалымат жок», — дейт эжеси. Белгилей кетсек, Дастандын сүрөтү каза болгон жоокерлердин арасына кошулуп коомчулукка жарыяланып кеткен. Жакындары дагы деле инисинин дайынын таппай жатканын айтышат.