Энергетика министрлиги: "Бишкектин жылуулук системасы 3-4 сааттын ичинде нормага келтирилет"
Сууну сордуруу иштери жүргөндөн кийин электр энергияны берүү өз калыбына келтирилет. Бул тууралуу Эгергетика министринин орун басары Насипбек Керимбаев маалымат жыйында билдирди.
"Кечке чейин 4 от казан ишке киргизилип, Бишкектин жылуулук системасын кармап, иштетебиз деп пландап жатабыз. Акырындан басым көтөрүлө баштаптыр. Буюрса, 3-4 сааттын ичинде басым көтөрүлүп, калыбына келтирилет", - деди ал.