Abank
SerepTV Logo

Энергетика министри кышында жарык 1,5-2 саатка өчүшү мүмкүн экенин айтты

Энергетика министри кышында жарык 1,5-2 саатка өчүшү мүмкүн экенин айтты
Энергетика министри Таалайбек Ибраев журналисттердин "кышында өчүрүүлөр болобу?" деген суроосуна жооп берди. Анын айтымында, өчүрүүлөр болбойт, бирок жөнгө салуу иш-чаралары болот. "Жүктөм көбөйүп кеткенде жөнгө салуу иш-чаралары болот. Ал 1,5-2 саат болушу мүмкүн. Биз аны кылганга мажбурбуз. Эгер биз трансформаторду иштен чыгарып алсак, бизди прокуратура камайт. Бир жарым сааттын ичинде үй муздап кетпейт", - деди ал.