Энергетика министри: "22:00гө чейин жылуулук берилет деп пландап жатабыз"
Азыр акырындык менен шаар ичиндеги жылуулук температурасын көтөрүп жатабыз. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
"Кечки саат 22:00гө чейин штаттык режимде иштеп калат деп пландап жатабыз. Жетишпеген тетиктер, бригадалар бар", - деди ал.