"Эң кичинекейи 9 айлык". Бишкектеги ооруканада Баткенден жеткирилген 6 балага операция жасалды
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган 8 жаран Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда дарыланууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда журналисттерге аталган борбордун директору Гүлзат Маймерова билдирди.
Алардын алтоо бала. Түндө 6 жабырлануучуга операция жасалды. «Эң кичинекей бейтап 9 айлык, кичинекей жаракаты бар. Бир үй-бүлөдөн 4 бейтап. Бир жарым жаштагы бала октон жаракат алып, операция жасалды. Бүгүнкү күндө жабыркагандардын абалы туруктуу, оң тенденция байкалууда», - деди ал.