Abank
SerepTV Logo

Интернет эмне үчүн үзгүлтүккө учурап жатат? Расмий жооп

Интернет эмне үчүн үзгүлтүккө учурап жатат? Расмий жооп
Санариптик өнүктүрүү министрлиги интернет байланыштын маал-маалы менен үзгүлтүккө учурап жаткандыгына байланыштуу кайрылуу жасады. "Азыркы тапта магистралдык линиялардын биринде авария орун алды. Ушуга байланыштуу интернет үзгүлтүккө учурап жатат. Интернеттин толук кандуу иштешин камсыз кылуу боюнча оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат, ошондой эле жакын арада интернет байланышы кайрадан калыбына келтирилет. Андан тышкары, интернет байланыш менен туруктуу негизде камсыз кылуу үчүн операторлорду резервдик каналдарга которуу иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта. Буга чейин кыргызстандыктар массалык түрдө интернеттин жоктугуна нааразы болуп жатышкан." target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/kyrgyzstandyktar-massalyk-tyrdo-internettin-joktuguna-naarazy-bolushuuda/">жатышкан.