Эмне үчүн айрым мектептерде 1-класстын окуучулары каникулга таратылды? Расмий жооп
Социалдык тармактын колдонуучулары айрым мектептердеги 1-класстын окуучулары каникулга чыкканын жазып жатышат. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Билим берүү министрлигинен маалымат беришти.
Маалыматка караганда, жыл сайын 1-класстын окуучуларына кошумча каникул берилет. "Негизи жылда 1 апта 1-класстарга кошумча каникул берилет. Ошону айрымдары бере баштаптыр", - дешти.
"Каникулдун датасын ар бир мектеп өзү чечеби?" деген суроого "ооба, каникул 3-чейректин алкагында берилет" дешти.