Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү. Депутаттык комиссияга кимдер кирди?
Башкы прокурор Жогорку Кеңештен депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү суранды. Бул тууралуу спикер Нурланбек Шакиев 27-декабрда парламенттин жыйынында" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/sayasat/bashky-prokuror-deputat-emil-jamgyrchievdi-kylmysh-joopkerchiligine-tartuu-ychyn-parlamentten-makulduk-surady/">жыйынында билдирди.
Депутаттар башкы прокурордун сунушу менен комиссия түзүштү. Ага төмөндөгү эл өкүлдөрү кирди.
"Мекенчил" депутаттык тобу - Данияр Төлөнов; "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан - Элдар Сулайманов; "Ишеним" фракциясынан - Бахридин Шабазов; "Элдик" тобунан - Кубанычбек Самаков; "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан - Алишер Эрбаев; "Ынтымак" фракциясы - Бакыт Тентишев; "Ыйман Нуру" фракциясынан - Султанбай Айжигитов; "Альянс" фракциясынан - Азамат Исраилов.