Abank
SerepTV Logo

Эмделбеген балдардын мектепке жана бала бакчага кирбей калуу коркунучу бар

Эмделбеген балдардын мектепке жана бала бакчага кирбей калуу коркунучу бар

Эмдөөдөн өтпөгөн балдар мектепке жана бала бакчага киргизилбеши мүмкүн экенин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эмдөө бөлүмүнүн башчысы Бурул Асыкбекова билдирди.

2023-жылы кызамыктан улам айрым мектептер жана бала бакчалар жабылган учурлар катталган. 2024-жылы мындай учурлар азырынча каттала элек.

«Эгер эмдөөдөн өтпөгөн балдарды киргизбей коюуга укугубуз бар. Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл тарабынан санитардык эрежелерди камтыган документтер берилген. Демек, эгерде мекемеде кызамык оорусу катталса, эмделбеген балдарды киргизбей коюуга укугубуз бар», - деп белгиледи ал.