Электр энергияны үнөмдөөнүн эң оңой 15 жолу
Көпчүлүк электр энергиясы, жылуулук жана ысык суу эч качан түгөнбөйт жана канча сарптасам ошончо акча төлөйм, көп сарптасам, мейли, ошончо көп төлөйм деген ойдо болушат. Мындай ой жүгүртүү тез эле терс кесепеттерге алып келет, анткени колдонулган ресурстар калыбына келбейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Электр энергиясын үнөмдөөнүн 15 оңой жолу:
3. Бөлмөдөн чыкканда жарыкты өчүрүүнү эрежеге айлантыңыз.
4. Узак убакыт күтүү режиминде турган аппараттарды өчүрүңүз. Кубаттоочу түзүлүштөр, телевизорлор, видеомагнитофондор, күтүү режиминдеги музыкалык борборлор 3төн 10 ваттка чейин энергияны сарптайт. Жыл ичинде мындай 4 аппарат, розеткада калган кубаттагычтар 300-400 кВт/саат кошумча энергия сарпташат.
5. Энергиялык эффективдүүлүк классы Адан кем эмес шаймандарды колдонуңуз. Эскирген түзүлүштөгү тиричилик приборлору үчүн кошумча энергия керектөө болжол менен 50 пайызды түзөт. Мындай тиричилик техникасы өзүн актай албайт, бирок энергиянын кымбатташын эске алганда, үнөмдөөнүн таасири дагы чоң болот. Мындан тышкары, мындай жабдуулар, эреже катары, мүнөздөмөлөрү боюнча заманбап жана жакшыраак болот.
6. Муздаткычты газ плитасынын же жылыткычтардын жанына коюуга болбойт. Бул муздаткычтын энергияны керектөөсүн 20-30 пайызга көбөйтөт.
7. Муздаткыч корпуска жана эшикке дыкат тирелип туруу зарыл. Ал тургай, бир аз эле боштук болсо 20-30 пайызга энергия керектөөнү көбөйтөт.
8. Тамак-ашты муздаткычка коюудан мурун бөлмөнүн табындай муздатуу зарыл.
9. Муздаткычты бат-баттан эритип, тазалап турууну унутпаңыз.
10. Муздаткычтын радиаторун жаппаңыз, бөлмөнүн дубалы менен муздаткычтын арткы дубалынын ортосунда боштук калтырыңыз.
11. Эгерде сиздин ашканаңызда электр меши бар болсо, анын күйгүзгүчтөрүн кыйшык болбоосун жана ысытылган идиштердин түбүнө тыгыз жайгашышын текшериңиз. Бул жылуулук жана электр энергиясын ашыкча чыгымдоону жок кылат. Мешти алдын ала күйгүзбөңүз жана тамак толук бышкандан кийин алгач мешти өчүрүңүз.
12. Электр чайнекте канча колдонгуңуз келсе, ошончо суу кайнатыңыз.
13. Батирдин дубалдарын жасалгалоодо ачык түстөрдү колдонуңуз. Жарык дубалдар, жарык пардалар, таза терезелер, туура ойлонуп тандалган түстөр жарыктандыруу чыгымдарын 10-15 пайызга азайтат.
14. Электр эсептегичтин көрсөткүчтөрүн жазыңыз жана керектөөнү кантип азайтууга болорун анализдеңиз.
15. Кээ бир үйлөрдө компьютер дайыма күйүп турат. Дайыма иштөөнүн кереги жок болсо, аны өчүрүңүз же токтотуу режимине коюңуз.