"Элдин жүрөгү ыйлап жатат". Баткендин Жаңы-Жер айылынын тургундары Садыр Жапаровго кайрылышты
Баткендин Жаңы-Жер айылынын тургундары президент Садыр Жапаровго кайрылышты.
"Тополоңдон кийин айылда жашаган элдин 70 пайызы көчүп кетти. Кайтуудан коркуп жатышат. Элдин атынан Садыр Жапаровго кайрылабыз, бул жерге келип, түшүндүрүп бериңиздер", - дейт айылдын тургуну.
Тажикстандын кол салуусунан кийин президент Баткен облусуна бара элек.