Abank
SerepTV Logo

Элдик курултайга келген барактык тургун: "Өлө-өө коррупция! 11 гектар жерди кө*үңө тыгасыңбы?" дедим"

Элдик курултайга келген барактык тургун: "Өлө-өө коррупция! 11 гектар жерди кө*үңө тыгасыңбы?" дедим"
Кечээ, 25-ноябрда Элдик курултайга Кара-Суу районунан келген Абдыкерим Бекмурзаев айрым айыл өкмөттөр коррупцияга батканын айтты. "Барактыктар биз жаман кыйналдык. Бул айыл Өзбекстандын ичинде анклав болчу. 2014-жылга чейин коридор ачылат деп, элге туулган жерин таштоо кыйын болду. Баары бир таштап чыгууга мажбур болдук. Ал жактан эл кийимин эле алып чыкты. Ушул күнгө чейин 8 жыл адырдын ичинде кескелдирик жедик, урматтуу президент, ушинтип жашап келе жатабыз. Ак-Таштын тушуна жерлер өтөт деп жатышканын угуп сүйүндүк. Айыл өкмөттөр коррупцияга баткан. Өлө-өө, өлө-өө коррупция, коррупция! Бир айыл өкмөт эски малкананын жерин ээлеп алган. Аны бузуп, сатып, азыр мазар болуп жатат. 11 гектар. Ошону мен "бул 11 гектар жерди кө*үңө тыгасыңбы?" деп айттым. Элге бер, бул жерде жетим-жесир бар, колунда жоктор бар, 50-60 миң сомдон беришсин десем да, ынаган жок", - деди ал.