Abank
SerepTV Logo

«Элдик кабарчы»: "Кадамжайда сел жүрүп, электр мамычаларды кулатты" дейт тургун

«Элдик кабарчы»: "Кадамжайда сел жүрүп, электр мамычаларды кулатты" дейт тургун
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» бөлүмүнө Кадамжай районундагы Совет айыл аймагынын тургуну кайрылып, кечээ, 26-июлда сел жүргөнүн билдирип, видео менен бөлүштү. Маалыматка караганда, селдин күчү унаа агызгандай болгон. "Электр мамыларын кулатып, зымдар үзүлдү. Сайдагы бак-дарактын баары жууп кетти. 1-2 унааны агызды",- деди ал.