Кылычбек Султан "Даңк" медалы менен сыйланды
Бүгүн, 28-декабрда президент Садыр Жапаров өзгөчө эмгеги таанылып, ар кыл тармакта эмгектенген кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Экс-министр, экс-элчи, "Супер-Инфо", "Супер.кг", SuperTV, СЕРЕП МЕДИА ММКларынын негиздөөчүсү, учурда Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси, министрдин кеңешчиси Кылычбек Султан "Даңк" медалы менен сыйланды.
Маалымат үчүн: «Даңк» медалы менен мамлекеттик же коомдук иштеги, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы, өндүрүштүк, илимий-техникалык, чыгармачыл, тарбиялык, коомдук жана кайрымдуулук иштердеги өзгөчө эмгеги үчүн сыйланышат.