Эл өкүлдөрү эки күндүк эмгек акысын селден жабыркагандарга берет
Жогорку Кеңештин депутаттары эки күндүк эмгек акысын Түп жана Ысык-Көл райондорунда катталган сел кырсыгынан жабыркаган тургундарга жардам катары которот.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы тиешелүү токтом кабыл алынганын билдирди.