Эквадордогу куралдуу кагылышуу. Кыргыз жарандарына аталган өлкөгө барбай туруу эскертилди
Эквадордун Кито шаарында уланып жаткан башаламандыкка байланыштуу кылмыштуу топтор менен Эквадордун укук коргоо органдарынын ортосундагы куралдуу кагылышуулардын натыйжасында полиция кызматкерлери жана жарандар арасында курман болгондор бар. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчилигинин маалыматы боюнча каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок, ошондой эле Эквадордо консулдук каттоодо Кыргыз жарандары да жок.
8-январда Эквадордун президенти бүткүл өлкө боюнча 60 күндүк өзгөчө кырдаалды киргизүү жөнүндө жарлык чыгарды, анын ичинде 23:00дөн 5:00гө чейин коменданттык саат киргизилген" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/turkun-duino/ekvadordo-kuralchan-adamdar-tyz-efirde-telekanaldy-basyp-alyshty/">киргизилген.
Министрлик Эквадордун ичинде саякаттоону жана ушул убакта жалпы өлкөгө барбоону сунуштайт.
Ош эле учурда, министрлик, өзгөчө кырдаал жана шашылыш суроолор пайда болгон учурда Кыргыз жарандары министрликтин Консулдук департаментинин: +996 999 312 002 жана элчиликтин: +1 202 256 2924 түз байланыш телефондоруна кайрылса болорун эскертет.