Экономика министринин орун басары: "Кемпир-Абад суу сактагычы стратегиялык объектилердин тизмесине кирбейт"
Бүгүн, 11-октябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси боюнча комитетинин жыйынында депутат Исхак Масалиев Кемпир-Абад суу сактагычы стратегиялык объектилердин тизмесине киреби же жокпу сурады.
"Бул объект жок",- деп жооп берди Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов.
"Ал эми Токтогул суу сактагычы?"- деп сурады депутат. Министрдин орун басары Токтогул суу сактагычы кирерин айтты.
"Эмне үчүн Кемпир-Абад суу сактагычы жок?",- деп сурады Масалиев, бирок Асылкуловдон жооп болгон жок.