Abank
SerepTV Logo

Екатеринбургда дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы кыргызстандык табылды

Екатеринбургда дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы кыргызстандык табылды
Екатеринбург шаарында мурда дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы кыргызстандык табылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Буга чейин Екатеринбургда кыргызстандык жоголуп кеткени маалымдалган. Ал 21-апрель күнү эртең менен саат 7де мектепке кетип, үйүнө кайтып барган эмес. 22-апрелде окуучунун ата-энеси Орусиянын ИИМинин Екатеринбург шаары боюнча башкармалыгынын №11 милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган.