Эч жерде иштебеген жарандар канча сом менен пенсияга чыгышат?
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Бакасов эч жерде иштебеген жарандар канча сом менен пенсияга чыгышарына кызыкты. "Айтайын дегеним азыр Нарын, Ат-Башыда жумуш жок. Жумушсуздук күч. Өмүр бою дыйкан болгондор, мал баккандар пенсияга кандай чыгат?" - деди ал.
Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Аливдин айтымында, Соцфондго акча төлөп жүргөндөр гана чыга алат. "Эгер Соцфондго төлөбөсө, социалдык коргоодон жөлөк пул алат. Ал 2 миң сомго чейин", - деди.
Депутат: Ошондо чыкпай калабы?
Төрага: Муну "пособия" деп коет. 2 миң сомдой алат.