Достук айылынын тажик тараптан миномёттук аткыланышы саат 11:30да токтотулду
Достук айылынын тажик тараптан миномёттук аткыланышы саат 11:30да токтотулду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
"Саат 12:30дан 12:35ке чейин тажик тарап Баткен районунун Төрт-Көчө аймагында Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин позицияларын жана бөлүктөрүн аткылашты. Учурда атышуу токтотулду. Окуя боюнча иликтөө иштери башталды",- деп айтылат маалыматта.