Abank
SerepTV Logo

Дмитриевкадагы атышууда жаракат алган атайын кызматтын кызматкерине операция жасалат

Дмитриевкадагы атышууда жаракат алган атайын кызматтын кызматкерине операция жасалат

Дмитриевка айылында атайын кызматтын жаракат алган кызматкерлери Улуттук госпиталга жеткирилди. Алардын бири операцияга даярдалууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

«Кызматкерлердин бири текшерүүдөн кийин амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн. Ок тийген экинчиси операцияга даярдалууда», - деп билдиришти.

Бүгүн, 17-майда Ысык-Атадагы Дмитриевка айылында ок атышуу болгонун, анын үнү Кантка чейин жеткени маалымдалган" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/ysyk-atada-ok-atyshuu-bolgonu-kabarlanyp-video-tarap-jatat/">маалымдалган. Саламаттыкты сактоо министрлиги атышуудан күч органдарынын 2 кызматкери жаракат алганын билдирген." target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/dmitrievkadagy-atyshuuda-kych-organdarynyn-2-kyzmatkeri-jarakat-aldy/">билдирген. Кийин ИИМ маалымат таратып, террорист жок кылынганын жарыялады." target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/dmitrievka-aiylynda-iimdin-jana-ukmknyn-ataiyn-bolyktory-tarabynan-kuralduu-terrorist-jok-kylyndy/">жарыялады. Муфтият маалымат таратып, айылдагы медресе курчоого алынганын төгүнгө чыгарды." target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/muftiyat-ok-atyshuu-kattalgan-dmitrievka-aiylynda-medrese-kurchoogo-alynganyn-togyngo-chygardy/">чыгарды.