Royal
SerepTV Logo

Депутат Ташиев Дүйнө чемпионатында байгелүү орундарды алган спортчулар менен жолугушту

Депутат Ташиев Дүйнө чемпионатында байгелүү орундарды алган спортчулар менен жолугушту
Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев Сербиянын Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында байгелүү орундарды алган спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын кабыл алды. Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев да катышты. Ташиев алгач балбандарды дүйнөлүк чемпионаттагы жеңиши менен куттуктап, бүтүндөй кыргызстандыктарга тартуулаган кубанычтуу көз ирмемдер олимпиада оюндарында да уланарына ишенимин билдирди. Ал дүйнө чемпиондору Айсулуу Тыныбековага, Акжол Махмудовго, Жоламан Шаршенбековго, күмүш медаль алган Айпери Медет кызына жана спорт чебери Мээрим Жуманазаровага акчалай сыйлыктарын тапшырып, алардын машыктыруучуларын Жогорку Кеңештин атынан Ыраазычылык каты менен сыйлады.
width="267" height="476" frameborder="0" scrolling="no" allowfullscreen="allowfullscreen"> [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="205007,205008,205009"]