Депутат: "Оштогу “Ынтымак” телеканалын жабууну көздөп жатышат"
Бүгүн, 4-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Оштогу "Ынтымак" телеканалы жабылганы жатканын айтты.
"Ош окуясынан кийин кыргыз-өзбек достугун бекемдөө үчүн "Ынтымак" деген канал ачылган. Бүгүн ошол жерде жабуу иштери болуп жатыптыр. 2 айдан бери жетекчиси, иштегендердин айлыгы жок болуп жатыптыр", - деди ал.