Депутат: "Мобилизациядан улам батирлерден мурдагы жашоочуларды чыгарып, Орусиядан келгендерге берип жатышат"
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов Орусиядагы мобилизациядан улам Бишкек менен Оштогу батир ээлери андагы жашоочуларды чыгарып, Орусиянын жарандарына берип жатканын айтып чыкты.
"Орусиядагы мобилизацияга байланыштуу Кыргызстанга көп Орус жарандары келип жатышат. Ошого байланыштуу Бишкек жана Ош шаарларындагы батирлерди мурда жашап жаткан ижарачыларды чыгарып, Орусиядан келгендерди киргизип жатыптыр. Салык кызматына тапшырма берсек. Студенттер, балалуулар суукта каякка барат? Бул убактылуу, ошол үчүн түшүндүрүү жүргүзүш керек", - деди ал.