Abank
SerepTV Logo

Депутат: "Орусиядагы эки мигрантыбыз аскерге чакыруу кагазын алды"

Депутат: "Орусиядагы эки мигрантыбыз аскерге чакыруу кагазын алды"

Орусияда жарыяланган мобилизациядан улам кыргызстандык мигранттар дүрбөлөңгө түшүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Козуев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын жарандарына аскер комиссариатына чакыруулар келе баштады. «Эки факты катталды», - деди депутат.

Ал Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара Клара-Саматтан маалымат берип, мигранттар арасындагы абалды тактоо иштерин жүргүзүүнү суранды. "Алар калып иштейби же кетеби билбей жатышат. Ал жерде үч эле юрист иштейт экен. Алардын санын көбөйтүү керек", - деди Козуев.