Royal
SerepTV Logo

Депутат ооруканада комада жаткан бейтапты тепкичтен көтөрүп түшүрүлгөнүн айтты

Депутат ооруканада комада жаткан бейтапты тепкичтен көтөрүп түшүрүлгөнүн айтты
Депутат Максатбек Сарбагышев Улуттук госпиталдан видео тартып алганын айтып, көрсөтөрүн билдирди. Ал ооруканада лифт иштебей, комада жаткан бейтапты тепкичтен көтөрүп түшүрүлгөнүнө күбө болгонун айтты. “Кечээ Нейрохирургия бөлүмүндө отурсам реанимациядан чыгарып операцияга киргизиш үчүн 2-кабаттан көтөрүп түшүштү. Ошол 10 мүнөттүн ичинде өлүп калса эмне болот”, — деп кайрылды саламаттык сактоо министрине.