Abank
SerepTV Logo

Депутат өкмөттө иштеген адамдын кийимин сындаган. Ал кайра кийинип келди

Депутат өкмөттө иштеген адамдын кийимин сындаган. Ал кайра кийинип келди
«Өкмөт мүчөсү Асан мырза, сиз эмне тойго келдиңизби?» — деген депутат Жеңишбек Токторбаев “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгүнүн эксперти Асан Гайыповго кайрылып" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/toigo-keldinizbi-deputat-jogorku-keneshtegi-ministrler-kabinetinin-okylynyn-kiiimin-syndady/"> кайрылып. Гайыпов депутаттын суроосуна түшүнбөй калганын айтты. «Түшүнбөдүм», — деди ал. «Жемперчен келиптирсиз, тойго келдиңизби? Костюмуңуз жокпу?» — деди ал. «Костюм бар, чечип койдум», — деди Гайыпов.  «Сиз келген конокторго үлгү болушуңуз керек да. Жакшынакай болуп… Костюм-шым кийип келбейсизби?! Анда биз деле эртең жемпер кийип келели», — деген депутат. Жыйындын жүрүшүндө анын костюм кийип келгенин көрүүгө болот. https://serep.kg/wp-content/uploads/2023/02/image.png" alt="" width="680" height="429" />