Депутат: "Милиция психологиялык басым жасагандан кийин кыздар өзүнө кол салууда"
Бүгүн, 6-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Винера Раимбачаева милиция психологиялык басым жасагандан кийин кыздар өзүнө кол салып жатканын айтып, мисал келтирди.
"2-февралда Сокулук районунун тургуну 9 жаштагы кыздын апасы Сокулук РИИБге кайрылып, арыз жазган. 158-берене менен иш козголгон. Бирок милиция кызматкерлери кыздын апасына, кызга психологиялык басым жасап, ишти жабууга аракет кылышкан. 2 ай өттү эч кандай жыйынтык жок", - деди ал.
"Ногойбаевдин (ред. Бишкек ШИИБдин башчысы) айтканын көрдүк. Өспүрүм кыздар өз каалоосу менен ишке барат деп айтат. Бул туура эмес", - деп кошумчалады ал.