Abank
SerepTV Logo

Депутат Масабиров: “Кыргыз жарандары эми Японияда ишке орношо алышат”

Депутат Масабиров: “Кыргыз жарандары эми Японияда ишке орношо алышат”
“Кыргыз жарандары эми Японияда ишке орношо алышат”. Бул тууралуу SuperTV телеканалына берген маегинде депутат Таалайбек Масабиров билдирди. "Мен 2018-жылы кыргыз-япон парламенттеринин достук лигасынын төрагасы болуп шайлангам. Кызматташуунун алкагында Кыргызстанга гранттык жардамдардын көрсөтүлүшү боюнча сүйлөшкөнбүз. Баткен облусуна 5 миллион 300 миң долларлык таштарды майдалай турган техника (дробилка) боюнча ратификациядан өткөн, президент да кол койду. Бишкек шаары жана Чүй облусундагы ооруканаларга саламаттыкты сактоо жаатындагы жабдыктарды алып келишет", - деди ал. Депутаттын айтымында, Япониядан" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/sayasat/nurlanbek-shakiev-yaponiya-kyrgyzstan-dostuk-ligasynyn-delegattary-menen-joluktu/">Япониядан келген делегациянын сапарында эки меморандумга кол коюлду. "Биринчиси боюнча жөндөмү бар кызматкерлер Японияда иштей алышат. Тилди билсе эле... Жылына 100 орун болот. Тааныш-билиштик болбойт. Экинчиси боюнча кредит тууралуу", - деди Масабиров.