Депутат: "Кыздарга 7-8 жолу куурчакты берип, куурчактан атасы эмне кылганын көрсөтүп беришсе да, тергөөчү экспертизага жөнөтүптүр"
"Мага кызы атасы тарабынан ыдык көргөн аял кайрылды, кайрылууну окусам, ыдык эмес зордуктоо экен", - деп билдирди депутат Эльвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин жыйынында.
"Аял 2017-жылдан бери акыйкаттык таба албай келет. Башкы прокурор барганда кайрылыптыр, кайрылса баягы эле тергөөчүгө берип коюптур. 7-8 жолу психиатриялык экспертизадан өткөргөн тергөөчү кайра ишти карап жатыптыр. Бул туура эмес да. Кыздарды бир нече жолу суракка алган. Эми элестетсеңер, 7-8 жолу куурчакты көрсөтүп, куурчактан атасы эмне кылганын көрсөтүп берсе да, тергөөчү экспертизага жөнөтөт. Соттук-медициналык экспертизада чоң коррупция бар экенин айтышты. Бул мисал далилдеп турат", - деди ал.