Депутат Кокулов өлкөдө электрондук тамекиге тыюу салууну көтөрдү
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов сөз сүйлөдү. Ал дүйнө эли балдарды коргоо үчүн 40 миллион доллар сарптарын, ал эми биздин өлкөдө 1-2 ишкер үчүн күнүгө балдарды "өлтүрүп" жатканын айтты.
"Мен Таласка, Кочкорго барып келдим. Ар бир бала колуна энергетик кармап жүрөт. Мен кечээ өз көзүм менен көрдүм. Балдар бурчка барып бир нерсе кылып жатышканынан жанына барсам, электрондук тамеки тартып жатышыптыр. Энергетиктер боюнча кийинчерээк айтам, азыр электрондук тамеки тууралуу айтайын. Жогорку Кеңешке келгенибизге 1,5 жыл болду. Ким гана айткан жок? Биз балдарды ойлойбузбу? Аны жаап койгонго эмне каршы болуп жатат? Каалообуз болсо, аларды өлкөгө киргизбей койсок болот экен го. Эмне үчүн кайдыгербиз. Бишкекте 153 расмий түрдө электрондук тамеки саткан дүкөндөр бар экен. Мен ушуну 3-жолу айтып жатам. Биз муну жабалы. Биздин фракция мыйзам долбоорун даярдайт", - деди ал.