Abank
SerepTV Logo

Депутат Икрамов баласы менен түрмөдө отурган аялды кечирүү жагын карап берүүнү сурады

Депутат Икрамов баласы менен түрмөдө отурган аялды кечирүү жагын карап берүүнү сурады
Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов баласы менен түрмөдө отурган аялды кечирүү жагын карап берүүнү сурады. "Кечээ интернетте аял киши баласы менен түрмөдө отурган сүрөтү чыкты. Ушул окуя боюнча адилеттүү чечип берип, аял кишинин карызын мамлекет жактан болсо да, караштырып берип койсоңуздар. Ырайымдык кылып берсеңиздер", - деди депутат. Кечээ, 28-февралда жактоочу Замир Жоошев кыркы чыга элек чүрпөсү менен Бишкек шаардык сотуна жеткирилген келиндин сүрөтү менен бөлүшкөн" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/jaktoochu-zamir-jooshev-naristesi-menen-sotko-jetkirilgen-kelindin-syroty-menen-bolyshty/">бөлүшкөн болчу.