Депутат Эмил Жамгырчиев атасынын оорусуна байланыштуу эмгек өргүүгө чыкканы маалым болду
Депутат Эмил Жамгырчиев атасынын оорусуна байланыштуу эмгек өргүүсүнө чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жетекчиси Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди.
Комитеттин төрагасынын айтымында, эмгек өргүүсүнө байланыштуу Жамгырчиев жыйынга катыша албайт.
27-ноябрда Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбековдун УКМК тарабынан кармалганы маалымдалган. Эльвира Сурабалдиева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Жамгырчиевдин бошотулганын жазган" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/ukmk-tarabynan-karmalgany-aitylgan-deputat-emil-jamgyrchievdin-boshotulgany-maalym-boldu/">жазган. Ал эми УКМК маалымат таратып, эл өкүлүнүн дайынсыз болуп жатканын билдирген. Депутат 12-декабрда Орусияда Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата уюштурулган турнирге" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/sayasat/kaida-ekeni-belgisiz-bolup-jatkan-deputat-emil-jamgyrchievdin-moskvada-jyrgony-maalym-boldu/">турнирге барды.