Royal
SerepTV Logo

Депутат элечек кийип, тамеки тиштеген кыздын сүрөтүнө тыюу салынышы керектигин айтты

Депутат элечек кийип, тамеки тиштеген кыздын сүрөтүнө тыюу салынышы керектигин айтты

Интернетке улуттук баш кийим болгон элечекти кийип, тамеки кармаган кыздардын сүрөттөрү жарыяланды. Бул тууралуу депутат Шайлообек Атазов 26-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал Маданият министрлиги мындай сүрөттөргө тыюу салып, кыргыз элинин баалуулуктарын бузгандарга чара көрүшү керектигин белгиледи.