Депутат: "Дыйкандар жазында картошканын үрөнүн 70-100 сомдон алышкан, азыр 8 сомдон сата албай жатышат"
Бүгүн, 2-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев өлкөдө картошкага болгон баа арзандап кеткенин айтты.
"Дыйкандар жазында картошканын үрөнүн 70-100 сомдон алышкан, азыр 8 сомдон сата албай жатышат. Ошону өкмөткө жеткирип, кошуна өлкөлөр алышса, чек арадан өткөрүү кыйын болуп жатат. Ушуну карап чечиш керек. Мага Ысык-Көлдөн тургундар кайрылышууда", - деди ал.