Abank
SerepTV Logo

Депутат Чыңгыз Айтматовдун Бүбүсара Бейшеналиевага жазган катын окуду

Депутат Чыңгыз Айтматовдун Бүбүсара Бейшеналиевага жазган катын окуду
Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз тил маселеси көтөрүлүп, депутат Медер Алиев Чыңгыз Айтматовдун Бүбүсара Бейшеналиевга жазган катын окуду. "Жарымы кыргызча, жарымы орусча жазылыптыр, оригиналын окуп коеюнчу",- деди ал. "Бүкөн, татынам карачы, кандай сонун болуп турасың сүрөттө. Кайра-кайра карап, сагынып жатам. И как бы мне тяжело не было, все равно блогадарю судьбу, что она подарила мне любовь к тебе. Самое большое, чем наделила мне жизнь - это настоящая любовь к  тебе. И за это я, блогодарен тебе" дейт. Айтайын дегеним, Чыңгыз Айтматовго китеп жазганда орусча ойлонгон жеңилирээк болчу экен. Мен ойлойм, спикердин айтканы туура, бара-бара кыргыз тилине өтүшүбүз керек. Же жалаң орусча, же жалаң кыргызча сүйлөш керек",- деди ал.