Депутат Чолпон-Атада селден жабыркагандарга жардам берүү эсебин ачууну сунуштады
Депутат Дастан Бекешев селден жабыркагандарга атайын жардам берүү эсебин ачууну сунуштады.
Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Дастан Бекешев Ысык-Көлдөгү сел тууралуу маселе көтөрдү. Ал жыйында "эмне үчүн жыл сайын ушундай болот?" деп суроо салды.
«Чолпон-Атада байлар, аз камдуу үй-бүлөлөр дагы бар. Аларга эсеп ачып, жардам беришибиз керек», - дейт ал.