Royal
SerepTV Logo

Депутат Бишкек менен Ошто мамлекеттик ипотекага үй берүүнү жандантууну суранды

Депутат Бишкек менен Ошто мамлекеттик ипотекага үй берүүнү жандантууну суранды
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкек менен Ош шаарында мамлекеттик ипотека берилбей жатканын айтты. Анын айтымында, жаңы салынып жаткан үйлөрдү күтүп, кезек менен үй алышат. Бирок үйлөрдүн курулушу узакка созулуп жатат. "Мен Бишкек менен Ошто ипотека берүүнү суранам. Себеби мугалимдер, дарыгерлер, социалдык кызматкерлер, өрт өчүрүүчүлөр жана башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес жумушта иштеген жарандар үйгө муктаж. Эгер адамда үй жок болсо, ою ошондо гана болот. Ипотека берүүнү баштайлы. Токтотуп коюп, күткүлө деген болбойт",- деди ал.