Депутат: "Бир мектеп окуучусун 7 сомго ысык тамак менен камсыз кылууга болобу?"
"1735 мектепте бир окуучуга ысык тамак үчүн 7 сомдон акча каралган, мындай чечим 2006-жылы кабыл алынган" деп билдирди депутат Тазабек Икрамов 6-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында.
«17 жыл мурун 7 сомдон бөлүп башташкан. Ал эми бүгүн элестетип көргүлөчү, бир окуучуну 7 сомдон ысык тамак менен камсыз кылууга болобу? Бул маселени кайра карап чыгуу керек. Балдар биздин келечегибиз. Тамак-ашка бөлүнгөн сумманы көбөйтүү керек», - деди ал.
Ошондой эле, депутат Эмил Жамгырчиев кайрадан бала бакчадагы балдарды тамактандыруу маселесин көтөрдү. «36 сом эч нерсеге жетпейт. Бөлүнгөн сумманы кайра карап чыгууну суранам», - деди ал.