Royal
SerepTV Logo

Депутат: "Баткенде 7 жаштагы балага сексуалдык аракеттер болгон. Апасы акыйкаттык издейт"

Депутат: "Баткенде 7 жаштагы балага сексуалдык аракеттер болгон. Апасы акыйкаттык издейт"
Бүгүн, 11-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева ага Баткен облусунун Сай айылынын тургуну кайрылганын айтты. "1 жылдан бери акыйкаттык издеп жатканын айтты. 7 жаштагы жалгыз уулуна карата экинчи жолдошу тарабынан сексуалдык мүнөздөгү аракеттер болгону, эч кандай реакция болбой жатканын айтат. Зордукталган баланын апасы укук коргоо органдары шектүүнү өлкөдөн чыгууга мүмкүнчүлүк берген деп жатат", - деди депутат.