Royal
SerepTV Logo

Депутат балдар ооруканасында дарыгерлер электрондук тамеки чегип жатканын айтты

Депутат балдар ооруканасында дарыгерлер электрондук тамеки чегип жатканын айтты
Бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов балдар ооруканасында дарыгерлер электрондук тамеки чегип жатканын айтып, чара көрүүнү суранды. Анын айтымында, мындай учур Бишкектеги  №3 балдар ооруканасы менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда катталган. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов көзөмөлгө алууну убадалады.